Токторбаев: “Ош өгөй баладай каралбай калыптыр”
Ош шаарынын мэри болуп жакында эле дайындалган Жеңишбек Токторбаев “Азаттыктын” суроолоруна кыскача жооп берди. Жаңы дайындалган калаа башчы “шаар өгөй балага окшоп каралбай калыптыр” деген пикирин билдирди. Иш күнүн таңкы саат 6да баштап жаткан мэр өзүн пиар кылбай турганын айтып, шаарды өнүктүрүүгө жогорку бийлик башчылары жардам берээрин кеп кылды. Ош шаарынын мэри кыскача пландарын айтып, каражат тартыштык маселесинде мамлекет тарабынан колдоо болорун шаардыктарга убада кылды. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus