Айылда булгаарыдан бут кийим тиккен Таалайбек Сыдыков
Айылда булгаарыдан бут кийим тиккен Таалайбек Сыдыков, эми күнүнө 10-15даана чыгара алат. Анткени ал эми атайын апараттардын жардамы менен бут кийим өндүрөт Кадамжайдын Чаувай айылынын тургуну Таалайбек Садыков 3жылдан бери колдо бут кийим тигип, буюртмаларды алат. Ал жаш балдардан тарта, чоң кишилердин, жайкы кышкы бут кийимдерин тигет. Ага көпчүлүк учурда улакчылар буюртма кылышат. Таза булгаарыдан тигип кийген дайымкы кардарлар да жок эмес .