Акындардын кыз-жигит САРМЕРДЕНИ. Ысык-Көл жээги 2025
"Акун Ысык-Көл" пансионатында Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд уюштурган поэзия фестивалынын алкагында, көгүлтүр көл жээгинде жыл сайын акындардын сармердени өтүп келет. Бүйүр кызыткан программа менен коштолгон сармерден ар бир келген коноктун купулуна толуп, көңүлүн көтөрүп, шаңдуу маанай тартуулайт. Көл шоокуму коштогон кайталангыс иш-чараны көрүүнү сунуштайбыз. Быйыл сармерден үчүнчү жолу өттү.