Орусияда полиция мигранттарды концерттен кармап кетти | Жаңылыктар | 26.09.2025
Израилдин айрым министрлери бир катар өлкөлөрдүн Палестина мамлекетин таануу чечимине жооп катары Иордан дарыясынын батыш жээгинин бир бөлүгү аннексияланганын жарыялоону сунуш кылууда. АКШнын президенти Дональд Трамп буга жол бербей турганын билдирди. Орусиянын Красноярск аймагында концерт учурунда полиция кармап кеткен мигранттардын арасында кыргыз жараны да болгон. Орус полициясынын борборазиялык мигранттар чогулуп, концерт өтүп жаткан жайга бастырып кириши талкуу жаратууда. Бишкек шаарындагы жол тыгынынан улам кош бойлуу келин Кайгуул милициясынын кызматтык автоунаасында көз жарды. Бул борбор калаадагы тыгын маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. #бүгүназаттыкта #полиция #мигранттар #орусия _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus