Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөгө 24 метрди түзгөн 5 даана балка алынып келинип, учурда орнотуулуда
Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн реконструкциясы уланууда 2025-жылдын 24-сентябры күнү Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн реконструкциялоо иштери алкагында, Алматы шаарынан узундугу 24 метрди түзгөн 5 даана балка алынып келинип, учурда орнотуулуда. Эскерте кетсек, аталган аймакта эки көпүрө жайгашкандыктан, жалпы 22 балка орнотулушу зарыл. Калган балкалар күн сайын этап-этабы менен жеткирилет. Көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди, ал эми эки көпүрө биригип узундугу 70 метрди түзөт. Бардык иштер бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.