“Жолдошумду ушуга чейин башкаларга салыштырган эмесмин!”
OYDO подкасттын бүгүнкү коногу: Жаш жубайлар актёр, алып баруучу – Ырысбай Жумаев жана режиссёр – Мээрим Майрамбек кызы. Бул сапар биз жакын арада эле балалуу болгон жаш жубайлар Ырысбай менен Мээримдин үй-бүлөлүк жашоосу аркылуу “төрөттөн кийинки депрессия”, “үй-бүлөлүк бюджет”, “энелик инстинкт”, “балага, жубайга убакыт бөлүү”, “бала багуу менен жумушту бирдей алып кетүү” сыяктуу темалардын үстүндө кеп курдук. Бул подкаст өзгөчө жаңыдан үй-бүлө куруп, түтүн булатып жана бала күтүп жаткан түгөйлөр үчүн пайдалуу болот деп ишенебиз. Подкасттын алып баруучулары: Алып баруучу– Айзада Жамгырчиева. Алып баруучу, тамада, шоумен – Урмат Борченов.