4-сабак. Терип чертүү
Кунт койуп көңүл бөлсөңүз сөзсүз түрдө үйрөнөсүз. Маймыл деле велосипед айдап жүрбөйбү🙈. Биз болсо өзүбүздүн улуттук аспапты үйрөнүп алалы. Баса мен чоң күүлөрдү үйрөтө албашым мүмкүн, бирок жеңил күү жана ырларды үйрөтүүгө аракет кылам. Ак баракка жазып көргөзгөн ыкмаларга маани бериңиздер. Ал ыкманы бизге Сыдыков Жеңиш агайыбыз калтырып кеткен. А биз болсо алымча кошумча кылып койгонбуз. Буюрса эмки сабакта күбө болосуздар!