КЫТАЙДАН автоунаа, техника заказ кылууда аферисттерге алданып калбагыла! // СТОП Беспредел// 1-бөлүм
КЫТАЙДАН автоунаа, техника заказ кылууда аферисттерге алданып калбагыла! // СТОП Беспредел Машинаны эшектин баасына теңеп, далай адамдарды алдап, ара жолдо калтырган теги кыргыз, КЭР жараны Мамбет Курбанга алданган Аман Бектемиров биздин редакцияга кайрылды. Ал бир жылдай Кытайга каттап, ал жактын укук коргоо органдарына арыз жазып, акчасын кайтарууга аракет кылган. Бирок майнап чыккан эмес. Окуя тууралуу журналисттик иликтөө жүргүздүк.