УТРК НАРЫН: ИРИЛЕШТИРҮҮНҮН ИЙГИЛИГИ...
Айыл аймактарды ирилештирүү Теңир-Тоо жергеси үчүн жемишин берүүдө. Алсак Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылы Ат-Башы айыл аймагына кошулганы алгылыктуу иштер аткарылууда. Мурда бул айылда бир жылда 2 млн сомдук иштер аткарылса , реформадан кийин жыл сайын 7 млн сомдук жумуштар жасалып, жергиликтүү тургундардын муктаждыгы четинен чечилүүдө.