G
enby!

Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев Манас, Бакай-Ата райондорун кыдырып, тартипти талап кылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Бакай-Ата жана Манас райондорунда рейд жүргүздү Иш сапардын алкагында ал жергиликтүү жетекчилер жана мекеме-уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте райондордун аймагындагы бир катар объекттерди – ооруканаларды, базарларды, автобекеттерди, коомдук парктарды жана көчөлөрдү кыдырып чыкты. Эрмат Джумаев ирээтсиздик жана каралбай калган инфраструктура маселелерине токтолуп, тартип орнотуу, санитардык абалды жакшыртуу жана коомдук жайларды тазалоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. “Элге кызмат кылган ар бир мекеме, ар бир жетекчи калктын ыңгайлуу жашоосу үчүн жооптуу. Райондордун көрүнүшү – ошол жердеги жетекчиликтин жүзү. Ошондуктан тазалык, тартип, инфраструктура маселелери биринчи орунда турушу керек” — деди облус башчысы. Ошондой эле, ал тиешелүү жетекчилерге белгиленген мөөнөттөрдө бардык көрсөтмөлөрдү аткаруу, жүргүзүлгөн иштер боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип туруу тапшырмасын жүктөдү. Бул иш сапар аймактарды өнүктүрүү, жашоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана мамлекеттик башкаруу деңгээлин жакшыртуу максатында жүргүзүлдү.

Смотрите также