Былтыр 32 быйыл 15 баш жылкы уурдаттым: Таластын Каракол айылынын тургундары кайрылуу жасашты
Талас районунун Көпүрө-Базар айыл аймагынын Каракол айылынын тургундары көчмө маалымат жыйын уюштурушту. Алар акыркы 5 жылда элетте мал уурулук көбөйүп кеткенин айтып, бийлик башчыларына кайрылуу жасашты. Элеттиктер бул маселе боюнча чара көрүп берүүнү суранышууда.