Мугалим ремонтко акча берүүгө милдеттүүбү? | Араван району
Өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган мугалим мектептин ремонтун кылууга, ремонтко акча берүүгө милдетүүбү? Бул суроого, тилекке каршы “ооба” деп жооп берем. Менин айылымдагы, №1 Розахунова мектебинде абал ушундай. Араван районунун №1 Розахунова мектеби аймактагы чоң мектептердин бири. Мектеп директору Аброр Юсупов мугалимдерден мектептин сырткы фасадына деп эки миң сомдон баштап 4500 сомго чейин акча жыйнаттырганы боюнча журналисттик иликтөө жасадык. Кызыгы быйыл жергиликтүү бийликтен мектептин фасадын сырдоого үч жүз миң сомдой акча бөлүү пландалган. Бирок буга карабай директор ремонттун түйшүгүн мугалимдерге жүктөгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акчаны болсо “райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы мектепке жүз таануучу камера орноткула деп талап кылып жатат, ошондуктан ремонтко бөлүнгөн акчаны камераларга жумшайбыз” деп түшүндүргөн. Бирок камераларга да жергиликтүү бийлик тарабынан өзүнчө акча бөлүнгөнү белгилүү. Юсупов мырза мурда айыл өкмөт башчысынан тартып райондук администрациянын аппарат жетекчиси кызматтарына чейин иштеген адам катары мыйзамды жакшы билчү. Ал билет: бюджеттик акча кандай максатта бөлүнсө, ошол максатта гана колдонулат. Анын багытын өзгөртүү жергиликтүү депутаттардын добуш берүүсү менен гана мүмкүн. Анда эмне үчүн директор мугалимдерден кайрадан акча чогулттуруп жатат? Болгондо да кайсы жерден краска сатып алуу керектигин өзү так көрсөтүп берген. Мамлекеттен бөлүнгөн акчаны “сол чөнтөккө” салуу аракети ишке ашпай калдыбы? Толугураак маалыматты видеодон көрө аласыз.
Смотрите также
