СОТТОЛГОН ДАНИЭЛЬ АЖИЕВДИН ЖУБАЙЫНА БАТИР ЖАНА АВТОУНАА БЕРИЛДИ
Тогуз жылга эркинен ажыратылган Даниэль Ажиевдин жубайына буга чейин конфискацияланган турак жайы кайтарылып, жаңы үлгүдөгү автоунаа белеке берилди. Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев Наргиза Ажиеваны өзү кабыл алды. Мындай чечимге үй-бүлөлүк оор турмуштук абал жана оорулуу баласы эске алынган. Бул окуя кандай себептерден улам ишке ашты? Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз