"Жөн эле кетип кал" дешти/ Ак-Талаада суу чыгарып, акчамды ала албай жүрөм/ Ишкердин арыз-муңу
"Алай таза суу" фирмасынын жетекчиси Муса Жаназаков Нарындын Ак-Талаа районунун 600 түтүн жашаган Кара-Ой айылына барып суу чыгарган. Ал 7 млн. сомго 9 чакырым алыстыктан суу тартып келмек болгон. Акчасын жумуш бүткөндөн кийин берүүнү убадалашкан. Анткени ашар жолу менен жасалгандыктан каражат элден чогултулмак. Буга ишенген ишкер унаасын сатып, бирөөдөн карыз жана банктан кредит алып сартпаган. Бирок иш бүткөндө 3 млн. сомун гана төлөп калганын бербей коюшканын айтууда. Азыр Муса Жаназаковдун күрөөгө койгон үйлөрүн банк алып койгон атат. Беш кызы, карыган атасы бар, өзү да операцияга муктаж, ичегиси үзүлүп зарасы түтүк аркылуу ичинен чыгат экен. Бул көйгөй менен алышып жүргөн маалда бир кызы чарчап калган. Мындан улам жабырлануучу бийлик жетечилеринен маселесин чечип берүүгө жардам сурады. Ал эми жергиликтүү бийликтин башчылары эмне деп жатканын видеодон кенен көрө аласыздар.