Бишкектеги Barça академиясынын көмүскө жагдайлары
«Клооп» менен Temirov Live'дын бирге жасаган иликтөөсү. Ташиевдин жакындары Бишкекте «Барселонанын» дагы бир футболдук академиясын гана курууда. Жанында элиталуу турак жай комплекси салынат. Жер тилкени Президенттин иш башкармалыгы ижарага берди, ал эми Минкаб аларды салыктан бошотту. Саясатчылар үчүн спорт — пиардын гана эмес, акча табуунун да мыкты жолу. Бишкекте УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен туугандары куруп жаткан «Барселонанын» футболдук академиясынын жанында элиталык турак жай кварталы пайда болот. Аны кура турган адамдарга шаардын 17 гектар жерин Президенттин иш башкармалыгы ижарага берсе, Ташиев төрага орун басары болуп иштеп жаткан Мининстрлер кабинети аларды салыктардан бошоткон. Ал кишилердин бизнес таланттары Ташиев менен Жапаров бийликке келгенден кийин жаңы деңгээлге чыкты. Иликтөөнү толугу менен төмөндөгү шилтемеден окусаңыз болот: https://bit.ly/3EQ0u99
=================================== Каналга жазылуу: / @kloop3223 Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg
Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz
Twitter: / kloopkyrgyz Instagram: / kloopkyrgyz