УТРК НАРЫН: КУШТУ КЫРААН КЫЛГАН МҮНҮШКӨР
Кыргыз эли баяртан куш таптап, тайганын барктап келген. Аны мүнүшкөр деп кадырлаган. Бул өнөрдү аздектеп улантып келе жаткандар арабызда саналуу. Алардын катарында Нарын районунун Алыш айылында жашаган Аман Исмаилов. Мүнүшкөр учурда алгыр куштарын таптап, жакында өтө турчу “Шырдак” фестивалына кызуу даярдап жатат.