Гүлнара Кахарова — Балалык (текст/lyrics)
Текст: Гүлнара Кахарова — Балалык Ачтым күндөлүк дептерин, Өткөн күндү мен эстедим. Ах, чиркин, тунук сезимдер, Кайдасың жаштык кездерим? Барактап ыр дептерин, Мен жаштыкты эстедим. Барагы бул өмүрдүн, Балалыгым эңседим. Эстей жүр деп сен берген, Эстелик ыр дептериң. Эрмеги болду жүрөктүн, Эстетип сенин элесиң. Барактап ыр дептерин, Мен жаштыкты эстедим. Барагы бул өмүрдүн, Балалыгым эңседим. Көңүлүм кыйбайт көңүлүң, Өтүптүр жаштык өмүрүм. Көрсөм деп сени кайрадан, Көксөгөн максат-үмүтүм. Барактап ыр дептерин, Мен жаштыкты эстедим. Барагы бул өмүрдүн, Балалыгым эңседим. #ГүлнараКахарова #Балалык #текст #lyrics #7heartbeats