✅ Мэр Ж.Токторбаев: Билим берүүнүн сапатын көтөрөлү
🔶 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн күндүн экинчи бөлүгүндө мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуусу өттү. 🔶 Алгач билим берүү башкармалыгынын башчысы жалпы маалымат берип, баяндама жасады. Андан соң калаа башчысы Ош шаарынын аймагында жасалган жана учурда жүрүп жаткан жумуштар боюнча токтолуп өттү. 🔶 Мэр шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринен коррупцияны токтотуу, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери ата-энелерден балдарын окууга, бакчага киргизүүдө мыйзамсыз акча чогултууга жол бербөө, билим сапатын көтөрүү талабын койду. Муну менен бирге билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртуу боюнча мэрия тиешелүү иштерди алып барарын билдирди. _____________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия