29.10.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу өлкөдөгү энергетикалык абалды түп-тамырынан өзгөртөт. Кыргызстан эки жарым жылдын ичинде электр энергиясын импорттобогон, тескерисинче экспорттогон мамлекетке айланабы?; УКМКДА “2025-КҮЗ” ТОЛУКТООГО КЕЛГЕН ЖАШ ЖООКЕРЛЕР АСКЕРДИК АНТ БЕРИШТИ. Мекенге кызмат кылууга ант берген жоокерлердин салтанатына Камчыбек Ташиев жана ата-энелер катышты; "Альфа" атайын кызматынын түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгы Бишкекте да салтанатуу белгиленди. Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзү катышып, аскерлерге кайрылуу жасады; БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга жети тапкерди каттоодон баш тартты. Экөө кылмыштуу топтун мүчөсү, экөө соттолгону үчүн, калгандары чет өлкөдө жашап же диний кызматкер болгон; Оштогу кафе-ресторан, коомдук тамактануучу жай жана башка коммерциялык объекттердин аталышы милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жазуу боюнча катуу талап коюлду. Бул боюнча рейддик иш-чаралар башталды. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg REGION TV @ Facebook / regiontvkg REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion