✅ "Берен" соода комплекси жана «Баяли» мейманканасынын орду сот тарабынан мыйзамсыз деп табылган.
🔶 Ош шаарынын С. Эсенжанов көчөсүндө жайгашкан "Берен" соода комплекси жана жанында жайгашкан «Баяли» мейманканасы, мончо менен соода түйүн Ош шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 29-майындагы Nº 1139 токтомунун негизинде Эргешова Гулнара Садыбакасовнага дагы бир жаран Билбаев Алмазбек Жакыповичке 5 жылдык мөөнөттө эч кандай курулуш курбастан көрктөндүрүү шартында пайдаланууга бекитилип берилген. Бирок аталган жарандар жакындарына белекке берүү жолу менен башка адамдарга жер тилкелерди өткөрүп олтуруп, кийин менчиктештирилип кеткен. 🔶 Аталган жер тилкелер архитектура тарабынан 1991-жылы кабыл алынган башкы пландын негизинде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү аймагы катары иштелип чыккан. Ага ылайык калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери калктын маданий, турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канаттандыруу үчүн (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, бульварлар, скверлер, ж.б.) пайдаланылат деп турат. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. 🔶 Демек, ошол учурдагы аракеттеги мыйзамдын талаптары бузулуп, жеке жактарга берилип кеткен. Мунун негизинде жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы берилген жер тилкелердин токтомун жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. 🔶 Келтирилген доо арызынын негизинде, Ош облустук административдик соту тарабынан 2025-жылдын 5-сентябрында төмөндөгү жарандарга (Эргешова Гулнара Садыбакасовнага Калмурзаев Насипбекке, Билбаев Алмазбек Жакыповичке) берилген жер укугу жокко чыгарылган. 🔶 Андыктан бүгүн, 16-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы «Берен» соода борборунун жана «Баяли» мейманканасынын ээлери “документтерибиз бар экенине карабай имараттарыбыз алдырылып жатат”-деген кайрылуусу суу кечпейт жана чындыкка жатпайт.
Смотрите также
