G
enby!

Арашанчылар интернетке тараган маалымат боюнча түшүндүрмѳ беришти

«Тузду кош учтап оозуна салып, таң атканча суу бербей…»: Арашанчылар интернетке тараган маалымат боюнча түшүндүрмѳ беришти. Социалдык тармактарга арашанчылар жѳнүндѳ терс маалымат тарады. Анда видеонун автору, арашанчылар кѳргѳзмѳгѳ бир күн калганда кочкор-койдун оозуна кош уучтап туз салып жиберип, түнү менен суу бербей кыйнашары айтылган. «Эртең менен аябай акактап суусап калган кочкор-койго чака менен суу берип, анан арткы тешиги аркылуу шланги менен да суу куюшат экен» - деп айтылат маалыматта. Видеодо сүйлѳгѳн адам, бул маалыматты мечиттен укканын айтып, бирок айтылгандар боюнча эч кандай далил келтирген эмес. Мирлан Сатыбеков, Кыргыз койчулар коомунун тѳр агасы: «Интернет булагына видео кайрылуу кылып тараткан киши белгилүү эле инсан экен. Жаш бала таратса дагы мейли дейт элек. Бирок, мындай орто жаштагы, акыл токтотуп калган киши, маалыматты тактабай, териштирбей туруп туура эмес маалымат таратканы туура эмес болуп калды. Мени ѳкүндүргѳнү, ѳзүбүздүн улуттук арашаныбызды, ата мекендик мал чарбабыздын ѳнүгүп келе жатканын колдобой, тескерисинче жамандап чыккандыгы болду. Өзү мал-чарбадан алыс киши окшойт. Себеби, клизма кылганда мал ичиндегисинин баарын бошотуп, жүдѳп, арыктай түшѳт. Анан оозуна туз салсаң, жылкы, уй деле жебей түкүрүп салат. Бул логикага да жатпайт. #turmush #арашанские_овцы #кыргызстан #скот

Смотрите также