G
enby!

Матраимовдун империясы куладыбы?

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. 2021-жылы Матраимов коррупцияга айыпталып, сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Экс-бажычы өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. “Азаттык” Матраимовдун бажыдагы схемалары тууралуу алгачкы иликтөөсүн 2015-жылы жарыялаган. Үч жылдан кийин Улан Эгизбаевдин иликтөөсү чыккан, ал эми 2019-2020-жылдары “Азаттыктын” Kloop жана OCCRP менен бирге Матраимовдордун бажы империясынын бетин ачкан журналисттик иликтөөлөрү коомчулукта чоң резонанс жараткан. #матраимов #укмк #азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Смотрите также