Пайгамбар жашына келсе да күндө турнике тартынып, жөө басып, тоого чыккан Ишенбек аксакал
Пайгамбар жашына келип калса да жаш балдардай турникке тартынып, чимириле тегеренип, өз денсоолугуна кам көрүү менен бирге күжүрмөн эмгеги үчүн айылга таанымал Ишенбек Шамбетов Жумгал районунун Куйручук айылында жашайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты. Ал 1958-жылы Куйручук айылында жарык дүйнөгө келип, жубайы Гүлмира Сариева менен 1983-жылы баш кошуп 13 жыл бирге түтүн булатып, 3 кыз, 3 эркекти жарык дүйнөгө алып келишкен. Жубайы 1996-жылы каза болуп 6 бала менен жалгыз калып, балдарын жалгыз эрежеге жеткирген.