Бишкекте төрөлгөн 6 килограммдык бала. Мындай окуя 10 жыл мурун катталган
18- июльда Бишкектеги №1 төрөт үйүндө алп бөбөк жарык дүйнөгө келди. Анын салмагы 6 килограмм 230 грамм, ал эми бою 58 сантиметрди түзөт. Бул үй бүлөдө эки эркек, эгиз кыздар жана бешинчи болуп Мухаммед Али төрөлдү.