Кутман Жолдошев – Таң сыры
🌿 Кыргызстандын музыка дүйнөсүнө кош келиңиз! 🌿 Muras Music каналында жаштык кездин эң кооз ырлары, жүрөктү жылыткан мелодиялар жана кыргыз музыкасынын алтын фонду сизди күтөт. Подписка болуп, лайк коюңуз жана комментарийде сүйүктүү ырларыңызды бөлүшүңүз! 🌿 Добро пожаловать в мир музыки Кыргызстана! 🌿 На канале Muras Music вас ждут самые красивые песни юности, душевные мелодии и золотой фонд кыргызской музыки. Подписывайтесь, ставьте лайк и делитесь своими любимыми песнями в комментариях! 🌿 Welcome to the world of music of Kyrgyzstan! 🌿 On the Muras Music channel, you’ll find the most beautiful songs of youth, soulful melodies, and the golden collection of Kyrgyz music. Subscribe, like, and share your favorite songs in the comments! 📌#RetroKyrgyzSongs #VintageMusic #КыргызЭстрадасы #GoldenEraKyrgyzSongs #ЗолотойФондЫрлар #OldKyrgyzSongs #ЭстенКетпесЫрлар #KyrgyzMusic #ClassicKyrgyzSongs #VintageKyrgyzMusic #GoldenEraKyrgyzSongs #OldKyrgyzHits #UnforgettableKyrgyzSongs #TraditionalKyrgyzMusic #KyrgyzMusicHeritage #RetroClipsKyrgyz #РетроКыргызскиеПесни #КыргызскаяМузыка #СтаринныеПесниКыргызстана #ЗолотойФондКыргызскойМузыки #КлассикаКыргызскойПесни #НаследиеКыргызскойМузыки #СоветскаяЭстрадаКыргызстан #РетроХитыКыргызстан #ЛюбимыеПесни #ЭстрадаКыргызстана #РетроЫрлар #КыргызЫрлары #ЭскиЫрлар #КыргызМузыка #ЭстенКетпесЫрлар #КыргызЭстрадасы #РетроХиттер #Ырлар #Music #ыр #текст #кутманжолдошев #music #rek Сөзү: Аскар Исаев Обону: Сардарбек Жумалиев Көрүшкөнчө көздөрүңдөн чагылган, Нурларынан курган кайран көпүрөм. Бекеринен күмөн санап жаңылгам, Өтүмү жок болгонума өкүнөм. Кимге барып күйүтүмдү, Кимге айтып өтүнөм? Кимге барып күйүтүмдү, Кимге айтып күнү-түнү, Кимге айтып өтүнөм? Таңшыгыча табышмактуу таң сыры, Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү. Табалабайм, кайрылганда айт чынын, Артык бекен башка жердин көркөмү? Арбалсаң да бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң. Ала-Тоону көргөнү. Кала берем мекенимде сени эстеп, Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо. Өтүнөрүм, көкүрөгүм элестеп, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм жарар зоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жалын бүрккөн үшкүрүгүм, Жаңырыгы жарар зоо. Кимге барып күйүтүмдү, Кимге айтып күнү-түнү, Кимге айтып өтүнөм? Сагынганда бир келерсиң, Саргайганда бир келерсиң, Ала-Тоону көргөнү. Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге айтып күнү-түнү, Кимге айтып өтүнөм?