Болот Темиров менен Орусиядан эксклюзивдүү маек (аудио)
"Азаттык" өлкөдөн күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен маектешти. Журналист Кыргызстандан кантип чыгарылганын, учурда абалы кандай экенин айтып берди. Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана анын күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери коштоп кеткени белгилүү болгон. Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кеткен. Сот аны чыгаруу милдетин ИИМ менен Чек ара кызматына жүктөгөн. Эл аралык коомчулук бул чечимди сындаган билдирүү таратууда. Иликтөөчү журналист соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан. Бийлик өкүлдөрү Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, айтылган дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан. _________________________________________ "Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз. Шилтемеси: IOS https://apps.apple.com/us/app/id15214...
Android https://play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - / / Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб - / @azattykradiosu Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus