G
enby!

АЛСЫЗ ЭРКЕК КАНДАЙ ПАЙДА БОЛОТ?

Тестостерон. Эркекти аялдан айырмалап турган маанилүү гормон. Ал эркектерде жогорку өлчөмдө, ал эми айымдарда аз өлчөмдө кездешет. Тагыраак айтканда тестостерон, эркектик сыпаттарды камсыздайт. Мисалы: жыныс органы, булчуңдар, денедеги түктөр жана үндүн жоондугу. Дегеле, бул гормон жалпы эркектик энергияны пайда кылып, алардын жашоо образын түзүп турат. Мындан сырткары, эр жүрөктүүлүк жана эркектик энергия бир гормонго баш ийип, бири-бири менен тыгыз байланышат. Мисалы: Бирөөнүн деңгээли түшсө, экинчиси да түшөт. Бири көтөрүлсө экинчиси да көтөрүлөт. Дагы да түшүнүктүү болушу үчүн мисал берели. Мырзалар ар түрдүү спорттун түрлөрүнө кызыгып, байма-бай күйөрмандык кылышат. Футболду алсак, эгер сиз күйөрмандык кылган команда утуп чыкса, сиздеги тестостерон жогорулап, эгер утулуп калса төмөндөйт. Эгер, эркекте өзүнө болгон ишеним жок болуп жатса, мунун себеби тестостерондун төмөндүгү деп түшүнсөк болот. Бул гормондун азайышы эркектин жалпы жашоо образына терс таасирин тийгизет.

Смотрите также