Трамп Борбор Азиянын лидерлерин Вашингтонго чакырды | Кечки радио эфир | 27.10.2025
АКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылганы айтылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы чакыруу тууралуу азырынча комментарий бере элек. 2023-жылы Нью-Йоркто АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өткөн. Акыркы жылдары “Борбор Азия-Кытай”, “Европа Биримдиги–Борбор Азия”, “Борбор Азия–Германия” жана “Борбор Азия-Орусия” сыяктуу бир катар самиттер өттү. #кытай #армия #кечкиэфир #азаттык _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus