Хадис имамы Ахмад бин Хамбал
Улуулардын дүйнөсү биздин амалыбызды арттыра турчу дүйнө. Анткени улуулардын дүйнөсүнө кирип, алардан бир нерсе үйрөнүүгө аракет кылган кезибизде, алар бизге мына ошону үйрөтөт. Андыктан алардын дүйнөсү менен таанышуу да маанилүү маселелерден. Кантсе да адам баласы кайсы жол менен баратканына, ал жолду кимдер ачканына, кимдер чыйыр салганына назар салуусу абзел. Болбосо жолдор көп. Тобокел деп туруп эле туш келди бир жолго түшө берүү да туура эмес. Ошол жол менен кеткендердин акыбеттерине, жетишкендиктерине, жетиштиргендерине, берген мөмөлөрүнө жакшылап көңүл буруп, сөзсүз түрдө иликтөөсү кажет. Болбосо көп жаңылыштыктарга жол ачуусу толук ыктымал. Биз болсо, ар дайымкыдай улуу инсандардын бейнесине үңүлүп, изилдөөбүздү улантабыз! Бүгүнкү улуу инсаныбыз - Ахл-и Сүннөттөгү төрт чоң мазхабдын бири болгон Ханбали мазхабынын негиздөөчүсү Ахмад бин Ханбал азиреттери. Ахмад бин Ханбал (рахматуллахи алейх) 780-жылы Багдадда жарык дүйнөгө келген. Ал Куранды жаттап бүттүргөндө болгону 15 жашта болчу. Куранды жаттап бүттүргөндөн кийин Абу Юсуфтан араб тили жана фыкх боюнча сабак алат. Имамдын “Аль Муснад” аттуу китебиндеги маалыматка караганда, жалпысынан алганда Имам ибн Ханбал 280 мугалимден сабак алган. Алардын арасында айтылуу үч имам дагы болгон. Туура, ал жашоосунда Имам Аьзам менен Имам Маликти көргөн эмес. Бирок Имам Маликтин илимин Суфян ибн Увайнадан, Имам Аьзамдын илимин анын эң жакын талабасы Имам Абу Юсуфтан алган. Имам Шафинин илимин болсо Имам Шафинин дал өзүнөн алат. Кызык жери Имам ибн Ханбал хадис илиминде тереңдегендигинен улам бул жаатта Имам Шафиге устаттык да кылган деп айтсак болчудай. Айтор Имам Шафинин “Ишенимдүү бирөөсүнөн бир хадис алдым!” деген сөздөрүндөгү ошол ишенимдүү адам Имам ибн Ханбал экендигин эске алуубуз кажет.