УТРК НАРЫН:КЫРГЫЗ ЖАРАТЫЛЫШЫНА СУКТАНГАН ЧАБАНДЕСТЕР
Ат жалында саякаттап, жаратылыштын сулуулугу менен көчмөн маданиятты өз көзү менен көрүүнү эңсегендер үчүн — өлкодө жаңы туристтик мүмкүнчүлүктөр ачылды. “Галопс Кыргызстан – 2025” эл аралык долбоорунун алкагында Европанын 11 өлкөсүнөн келген 80ден ашык чабандес Соң-Көлгө карай узак жүрүшкө чыгып, кыргыз жаратылышынын кооздугун жана улуттук маданияттын өзгөчөлүгүн ат үстүндө баштан кечиришти. Алардын сапарына кабарчыбыз күбө болуп келген.